Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагындагы №323 контурунун тургундары редакцияга кайрылып, көйгөйлөрүн айтып беришти. Алар 2016-жылы жер участокторун сатып алып, үйлөрүн кура башташкан. 2021-жылы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен амнистия жарыяланып, тургундар өз участокторуна мамлекеттик актыларды — «кызыл китептерди» ала алышкан.

Бирок бүгүнкү күндө конушта расмий түрдө айыл статусу жок. Тургундардын айтымында, бул жерде 3 500гө жакын участок бар, анда 16 000ден ашуун адам жашайт. Статустун жоктугунан улам аймакта бала бакча, мектеп жана медициналык мекемелер курулбай жатат.

Тургундар билдиргендей, 2023-2024-жылдары №323 жана №290 контурларындагы жеке үйлөргө «жер мафиясы» аныкталгандыгына байланыштуу арест коюлган. Ошол себептен конушка айыл статусун берүү токтотулган.

Биздин районддо бала бакчалар, мектептер жана медициналык мекемелер жок. Балдар Бишкектин ар кайсы райондоруна барып окууга аргасыз, ал жакка транспорт көп учурда каттабайт. Мындан тышкары, улгайган тургундар ооруп калганда жакын жердеги медициналык мекемелерге жете алышпайт.
Тургундардын бири

Тургундардын маалыматы боюнча, конушта 10 гектарга жакын жер тилкеси бар, ал жерде маанилүү социалдык объектилерди курууга болмок. Бирок азыр ошол аймакта кандайдыр бир курулуш иштери башталган.

Башында мектептер жана бала бакчалар сыяктуу социалдык инфраструктура объектилери үчүн арналган участоктор азыр жеке курулуш компанияларынын менчигине өтүп жатат.
Тургундардын билдирүүсү

Тургундар маселени чечүү үчүн президентке кайрылып, конушка айыл статусун берүүнү жана социалдык объектилерди куруу үчүн жерлерди кайтарууну суранышты. Алар бул кайрылууну видео аркылуу жолдошту.