2026-жылдын 15-июлунда Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылында турак-жай өрттөнүп баштады. Өрт тууралуу билдирүү саат 15:08де түшкөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүү үчүн үч бөлүм тартылып, штаб жана оперативдүү топ иштеп жатат.
Башында өрттү өчүрүүгө биринчи бөлүм #8 келип, саат 15:22де экинчи бөлүм #4 жардамга чакырылды. Андан кийин саат 15:45те үчүнчү бөлүм кошулду.
Саат 16:00дө Чүй облусуна жооптуу башкармалыктын башчысы, полковник Ч.Боскунчиев жетектеген оперативдүү топ жана бир суутаруучу машинеси келген.
Азыркы учурда өрттү өчүрүш иштери уланууда. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча жок.












