Сокулук районунун Ак-Жол айылында жайгашкан жана каттоодо турак жай катары көрсөтүлгөн үй чындыгында фреон баллондору сакталып келген кампасы болуп чыкты.
2026-жылдын 15-июлунда Абдыкайым көчөсү, 106-үй дарегинде өрт чыгып, ушундай факты аныкталды.
Өрттү өчүрүү иштерине үч бөлүм жана штаб тартылып, Сокулук райондук коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын №23 бөлүмүнүн бир суутарма автоунаасы колдонулду.
Өрт учурунда кампадагы фреон баллондору жарылып, ал кошуна турак үйдүн терезелерине зыян алып келди.
Бирок өрт өчүрүүчүлөрдүн тез арада аракети аркасында кошуна үй толугу менен өрттөн сакталды. Пожар 16:21де жеринде локализацияланды.
Азыркы учурда өрт толук түрдө жоюлуп, андан кийинки иштер улантылууда.












