Мамлекет башчысы Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда президент райондордун өздүк кирешелери кандай өзгөргөнүн, ошондой эле 2026-жылы курулуш, жол оңдоо, суу менен камсыздоо жана ирригацияга канча каражат бөлүнгөнүн айтып берди.

Райондордун өздүк кирешелери

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Айтматов районунун өздүк кирешеси 2021-жылы 129 миллион сом болсо, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 167 миллион сомго жетти. Манас районунда өздүк киреше 2021-жылдагы 70 миллион сомдон 2025-жылы 95 миллион сомго чейин өстү.

Райондордун өздүк кирешелери

129Айтматов району 2021-жылы (млн сом)
167Айтматов району 2025-жылы (млн сом)
70Манас району 2021-жылы (млн сом)
95Манас району 2025-жылы (млн сом)

2026-жылга инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо

2026-жылы Айтматов районунда 24 объектини ишке ашырууга 608 миллион сом каралган, анын ичинен 1-октябрга карата 556 миллион сом которулган. Манас районунда 8 объектке 106 миллион сом бөлүнгөн, анын 104 миллиону 1-октябрга чейин бөлүнүп берилген.

Каражат капиталдык курулушка, жол оңдоого, таза суу менен камсыздоого жана ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталууда.

Ден соолукту чыңдоо борборлору курулат

Кийинки жылы Манас жана Айтматов райондорунда ар бири 100 орундуу жалпы дарыгерлик практика борборлорунун имараттары курулат.

Жолдор асфальтталды

Акыркы беш жылда Айтматов районунда 23,5 чакырым жол асфальтталса, быйыл дагы 38 чакырым асфальтталды. Манас районунда беш жылда 28 чакырым жол жаңыланса, 2026-жылы дагы 26 чакырым жол жаңыланат.

Облуска кошумча каржылоо

Жалпысынан, быйыл Талас облусунун инфраструктуралык долбоорлоруна Стабилдештирүү фонду аркылуу жана “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча кошумча 5 миллиард 543 миллион сом бөлүнгөн.