Президент Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун тургундарынын кайрылуусуна жооп берип, документтерди жасалмалоого соттолгон аял жана анын күйөөсүн кечирүү маселесин кароону тапшырды.

Кировка айылынын тургуну Гульнараа Кадыркулова президент менен жолугушууда кызы менен күйөө баласын кечирүүнү өтүндү. Анын айтымында, 2024-жылы алар жасалма документтерге байланыштуу кылмыш иши боюнча соттолушкан: кызы 6 жыл 8 ай эркинен ажыратылса, күйөө баласы 6 жылга соттолгон.

Соттолгондордун жаза мөөнөттөрү

6 жыл 8 айкызына
6 жылкүйөө баласына

Аялдын айтымында, ишке тиешеси бар эки клиниканын жетекчилеринин бири пробацияга өткөрүлүп, экинчиси акталган. Ошол эле учурда анын кызы менен күйөө баласы жазасын өтөп жатышат.

Садыр Жапаров экөөнү тең кечирүү тууралуу ходатайство жазып, тиешелүү комиссияга жөнөтүүнү сунуштады. Комиссиянын чечими президентке берилгенден кийин маселе каралат.

Экөөнү тең кечирүү тууралуу ходатайство жазып, тиешелүү комиссияга жөнөтүңүз. Комиссиянын чечими берилгенден кийин маселени карайбыз.
Садыр Жапаров