2-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда ал регионду өнүктүрүү боюнча аткарылган иштерге токтолуп, келечектеги пландар тууралуу маалымат берди.
Президенттин айтымында, 2026-жылы Талас облусунун инфраструктуралык долбоорлоруна Стабилдештирүү фонду аркылуу жана «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча кошумча 5 млрд 543 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттар объектилерди курууга жана оңдоого, жолдорду жакшыртууга, таза суу менен камсыздоого жана ирригацияны өнүктүрүүгө багытталган.
Быйылкы жыйынтыктар: 29 объект жана 6 ишкана
Быйыл облуста 29 объекттин курулушу аяктады. Алардын катарында «Акылман» лицейи, «Баластан» борбору, «Манас Ордо» жана «Айтматов ааламы» комплекстери, Нуржанов аллеясы, ошондой эле бир катар мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо, маданият жана өндүрүш объектилери бар.
Мындан тышкары, алты өндүрүш ишканасы ишке киргизилди: «Адис Нан», «Гранит Транс Сервис», «Кен-Арал», «Талас Эко Фуд», «Нур Кап Строй» жана башкалар. Алардын жалпы инвестиция көлөмү 8,1 млн долларды түзүп, 325 жумуш орду ачылды. Бул ишканалар курулуш материалдарын чыгаруу жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча облустун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.
Акыркы беш жылдын ичиндеги өзгөрүүлөр
2021-жылдан бери Жеруй кени жергиликтүү өнүктүрүү фонддоруна 3,5 млрд сом которгон. Беш жыл ичинде Талас жана Бакай-Ата райондорунда 107 км жол асфальтталган. Ошондой эле 319 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болгон, ал эми Талас шаарында 904 батирлүү турак-жай комплекси курулууда.
5,5 млрд сом инфраструктурага кошумча бөлүнгөн каражат
2026-жылы Талас облусунун инфраструктуралык долбоорлоруна кошумча бөлүнгөн сумма.
Энергетика долбоорлору
Талас районунда кубаттуулугу 24 МВт болгон Жеруй ГЭСинин каскады курулууда. Бакай-Ата районунда болсо «Үрмарал» чакан ГЭСин ишке киргизүү пландалууда. Бул долбоорлор облустун энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган.

















