президента Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушуп, аймактардын өнүгүүсүнө байланыштуу маалымат берди. Жолугушууда Бакай-Ата районунун бюджети 2021-жылы 90 млн сом болсо, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 134 млн сомго жеткени айтылды.
Бакай-Ата районунун бюджети
Мамлекет башчысы 2026-жылы Бакай-Ата районунда 12 объектинин курулушуна 226 млн сом каралганын, 1-октябрга карата 176 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи.
Талас районунун бюджети да олуттуу өскөн. 2021-жылы райондун өздүк кирешеси 202 млн сом болсо, 2025-жылдын аягында 541 млн сомго жетип, 2,7 эсеге көбөйгөн.
Талас районунун бюджети
Жапаров Талас районунда 26 объектиде оңдоо жана жол куруу иштерине, таза суу менен камсыздоого жана ирригацияны өнүктүрүүгө 366 млн сом бөлүнгөнүн, анын 345 млн сому 1-октябрга чейин берилгенин кошумчалады.






















