Мамлекет башчысы Талас облусунда аткарылган иштердин жыйынтыктарын чыгарып, жетишилген натыйжаларды жана мындан аркы өнүгүү перспективаларын белгиледи. Ошондой эле жарандардын кайрылууларын угуп, аймактын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров Талас облусунун бюджеттик кирешелеринин өсүшүн жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишин баса белгиледи.

«Акыркы жылдары биз мамлекеттик бюджеттин кирешелерин көбөйтүү, салык жана бажы башкаруусун өркүндөтүү, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча системалуу иш алып баруудабыз. Биздин аракеттерибиз текке кеткен жок, жетишилген натыйжалар аймактардын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизди»
— деди Президент

Андан соң Садыр Жапаров Талас облусунун калкынын жашоо шартын жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана социалдык объектилерди курууга багытталган мамлекеттик инвестицияларга токтолду.

Курулуш жана каржылоо

29бүткөрүлгөн объект
366 млнТалас районуна каражат (сом)
12Бакай-Ата районунда капиталдык курулуш объектиси
226 млнБакай-Ата районуна каражат (сом)

Тактап айтканда, социалдык, билим берүү, маданий жана өндүрүштүк мекемелерди камтыган 29 объекттин курулушу аяктады. Мындан тышкары, Талас районунда объектилерди оңдоого, жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, таза суу менен камсыздоого жана ирригацияга 366 млн сом, ал эми Бакай-Ата районунда 12 объекттин капиталдык курулушуна 226 млн сом каралган.

Президент ошондой эле өнөр жайды өнүктүрүү, Жеруй кенин өздөштүрүү жана колдоо чаралары тууралуу да айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана тарыхый эс-тутумду сактоо, газдаштыруу, мунапыс, аймактарды көрктөндүрүү жана социалдык инфраструктура объектилерин куруу, жер жана мүлк талаштары, саламаттык сактоо уюмдарында кадрлардын жана койка-орундардын жетишсиздиги сыяктуу бир катар маселелерди көтөрүштү.

Мындан тышкары, кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланышкан кайрылуулар да айтылды.

Мамлекет башчысы тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго жарандардын кайрылууларын иштеп чыгууну, ошондой эле кылмыш иштерин жана мүлк талаштарын объективдүү кароону камсыздоону тапшырды.