Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур жолугушту. Жолугушууда тараптар санкцияларга байланыштуу өз ара аракеттенүүнү, визалык процедураларды жана визалык күрөөлөрдү киргизүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү да каралды.

БУУ Коопсуздук Кеңешине шайлоо

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышына өзгөчө көңүл бурулду. Америка тарап Кыргызстанды шайланышы менен куттуктап, эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.