Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 11–13-ноябрь күндөрү шаар тургундары менен жеринде жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угат. Жолугушуулар муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын базасында өтөт.
Тургундар өзүнө түйшүлдүргөн маселелерди мэрге түздөн-түз жеткире алышат. Шаардык бийлик калкты жолугушууларга активдүү катышып, өз сунуштарын айтууга чакырат.
Жолугушуулардын графиги
11-ноябрь күнү:
- 09:00 — Манас-Ата (ОшМУнун тарых факультетинин актылар залы)
- 12:00 — Жибек-Жолу (№1 Федченко атындагы мектеп)
- 15:00 — Курманжан-Датка (№18 А. Навои атындагы мектеп)
12-ноябрь күнү:
- 09:00 — Сулайман-Тоо (№3 М. Ломоносов атындагы мектеп)
- 12:00 — Кызыл-Кыштак (айылдык аймактык башкармалыктын жыйындар залы)
- 15:00 — Керме-Тоо (№42 мектеп)
13-ноябрь күнү:
- 09:00 — Алымбек-Датка (№16 мектеп)
- 12:00 — Төлөйкөн (№21 М. Пушкин атындагы мектеп)
- 15:00 — Жапалак (Маданият үйү)










