Жанарбек Акаев бул тууралуу Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземинде билдирди.

Мэрдин айтымында, шаар четиндеги тургундар үчүн балдардын мектепке баруусу негизги маселелердин бири бойдон калууда.

Биз мектеп автобустары окуучуларды ташып, ар бир бала коопсуз шаарда жашап, ата-энелери мектепке баруусу үчүн тынчсызданбасын деп каалайбыз.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев

Ошондой эле Жанарбек Акаев Ош шаарында учурда 25 мектеп — мамлекеттик дагы, жеке менчик дагы бир эле убакта курулуп жатканын маалымдады.

Ал белгилегендей, жаңы имараттар өздөрү эле билим берүүнүн жогорку сапатын кепилдебейт, андыктан мугалимдер менен иштөө улантылат.