Талас районунун Козучак айылынын тургуну Уулбубу Сооронбаева көп жылдар бою кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн сактап келүүдө. Ал табигый жүнөн жип ийип, боз үйүнүн ички жасалгаларын жасап, бул касиеттүү мурасты улантууда.
Уста Сооронбаеванын айтымында, кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуу бала кезинен эле пайда болгон. Турмуш кургандан кийин да ал бул ишин токтоткон эмес, күйөөсү менен мал чарбачылыгы менен алектенип жатып, колунан келген кол өнөрчүлүктү улантып келген.
Учурда ден соолугуна байланыштуу ал боз үй койгонду токтотгон болсо да, анын ички жасалгаларын жасап жатат. Ал бардык буюмдарды табигый жүнөн жасайт жана азыркы учурда адистердин буйрутмасы менен иштеп жатат.
Уулбубу Сооронбаева үчүн бул жөн гана иш эмес, муундан муунга өтүшү керек болгон улуттук мурас. Ал азыркы учурда өзүнүн чеберчилигин неберелерине үйрөтүп, кыздарынын бул касиеттүү өнөрдү улантуусун каалайт.

















