Жогорку Кенештин депутаттары Акылбек Тумонбаев, Нурбек Сыдыгалиев жана Данияр Толонов Ош шаарында ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты.

Шаардык мэриянын билдирүүсүнө таянса, мэр Жанарбек Акаев элдик депутаттарга объекттердин курулуш процесси, жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы социалдык объекттерди куруу боюнча кенен маалымат берген.

Транспорттук инфраструктураны жакшыртуу

Иш сапарынын алкагында депутаттар «Достук» айланасындагы заманбап транспорттук түйүнүн, Б. Осмонов көчөсүнүн алты тилкелүү жолун жана А. Суюмбаев атындагы стадионду көрүп чыгышты.

«Достук» айланасындагы долбоор транспорттук чыңалууну азайтуу, жол кыймылын жакшыртуу жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында төмөнкү элементтерди камтыйт:

Достук түйүнүнүн түзүмү

1транспорттук түйүн
4пандус
8зымылган ступеньдер
1жер астындагы өтмөк

«Ош Арена» долбоору

Мындан тышкары, мэр заманбап «Ош Арена» спорттук-маданий комплексинин курулушу башталганын билдирди. Бул объект шаарда спортту жана маданиятты өнүктүрүүгө, ошондой эле ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Өз кезегинде депутаттар Ошто ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлор заманбап талаптарга жооп берерин белгилеп, жол тармагын модернизациялоо жана жаңы спорттук объекттерди куруу шаарды өнүктүрүү үчүн туура чечим экенин айтышты.