Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында Максим Бакиевдин жана Алмазбек Атамбаевдин мүлкүнүн учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

СторисБакиевдин жана Атамбаевдин мүлкү эмне болду?Слайддар: 5
  1. Бакиевдин жана Атамбаевдин мүлкү эмне болду?
  2. 2010-жыл — Максим Бакиевдин Бишкектеги турак үйү күйүп кеткен; 2015-жыл — Мүлккө мамлекеттик менчик статусу берилген; 2022-жыл — Кой-Таштагы резиденция мамлекеттик менчикке өткөн
  3. Максим Бакиевдин Бишкектеги объектиси калыбына келтирилген жана ал жерде азыр реабилитациялык борбор иштеп жатат.
  4. 1000 орундуу — карылар борборунун курулушу Кой-Ташта
  5. 120-160 орундуу — бала бакча куруу пландалууда

Бакиевдин мүлкү: реабилитациялык борбор

Токоновдун айтымында, Максим Бакиевдин Бишкектеги мүлк комплекси 2010-жылдагы окуялардан кийин толугу менен күйүп кеткен жана жашаганга жараксыз абалга келген. Бирок кийинчерээк бул объект калыбына келтирилген. Учурда ал жерде реабилитациялык борбор иштеп жатат.

  1. 2010-жыл, 7-апрель

    Жибек Жолу көчөсүндөгү, 521-үй дарегинде жайгашкан Максим Бакиевдин турак үйү митинг учурунда күйүп кеткен.

  2. 2015-жыл

    Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду үйгө жана башка мүлктөргө мамлекеттик менчик статусун берген.

Кой-Таштагы резиденция: карылар борборунун курулушу

Ал эми Алмазбек Атамбаевге таандык Кой-Таштагы мүлк боюнча Бишкектин Биринчи май районунун сотунун чечими менен 2022-жылы мамлекеттик менчикке өткөн. Президенттин тапшырмасы менен бул комплекс Президенттин иш башкаруу башкармалыгынын түбөлүктүү пайдалануусуна берилген.

1000орундуу карылар борбору
120-160орундуу бала бакча

Азыркы учурда ал жерде 1000 орундуу карылар борбору курулуп жатат. Ошондой эле, анын жанында 120дөн 160га чейин бала кабыл ала турган бала бакча куруу пландалууда. Агенттиктин жетекчисинин белгилегендей, эки объект тең мамлекеттик менчик болуп саналат.