2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстандын кыймылсыз мүлк рыногунда баалардын өзгөрүшү ар түрдүү болду. Бишкекте жеке үйлөрдүн баасы калыбына келүү деңгээлинде өсүп, батирлердин баасы туруктуу позицияны сактап калды. Ал эми Ош шаарында көп батирдеги үйлөрдүн баасы кескин төмөндөп, жеке үйлөрдүн баасы август айындагы төмөндөөнү ордун толтурууга аракет кылды.

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, тогуз ай ичиндеги өзгөрүүлөр төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:

Бишкек шаарындагы көрсөткүчтөр

Борбор шаарда батирлердин баасы жылдын башынан бери ишенимдүү өсүп, 5,34 пайызга көтөрүлгөн. Жеке турак жай үйлөрү январь айындагы жогорку көрсөткүчтөрдөн алыс болгону менен, баалардын төмөндөө темпи азайган.

5,34%батирлердин өсүшү
-13,39%жеке үйлөрдүн азайшы

Ош шаарындагы көрсөткүчтөр

Ош шаарында көп батирдеги үйлөрдүн баасы январь айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 13,65 пайызга төмөндөгөн. Ал эми жеке турак жай үйлөрүнүн баасы тескерисинче, 9,36 пайызга өсүп, плюстук көрсөткүчкө чыккан.

-13,65%батирлердин төмөндөшү
9,36%жеке үйлөрдүн өсүшү

Бишкектеги жеке үйлөрдүн баасы

Сентябрь айында Бишкектеги жеке үйлөрдүн рыногу активдүүлүк көрсөттү. Мында бир айдын ичинде бир метр квадраттын баасы 5,41 пайызга көтөрүлүп, болжол менен 9 миң сомго жогорулаган.