Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, жолугушуу шаардык бийлик менен калктын ортосундагы байланышты бекемдөө, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү боюнча чараларды көрүү максатында уюштурулган.

Тургундар шаардык инфраструктурага жана жашоо сапатына тиешелүү бир катар маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, коомдук транспорттун ишин жана автобус каттамдарын уюштуруу, аялдамаларды орнотуу жана жабдуу, жолдорду куруу жана оңдоо, жер амнистиясын өткөрүү, ошондой эле социалдык жана башка маселелер талкууланды.

Мэриянын өкүлдөрү шаардыктардын кайрылууларын угуп, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызмат жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди мындан ары иштеп чыгуу жана зарыл чараларды көрүү тапшырмаларын беришти.