Ош шаарында аял экстремисттик жана террордук уюмдарга тиешелүү материалдарды интернеттен жайылтуусунун айынан милиция тарабынан кармалды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, эксперттик комиссия жарыяланган материалдардын мазмунунун Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдар менен байланыштуу экенин аныктаган.

Аялга «Экстремисттик материалдарды чыгаруу жана жайылтуу» деген үчүзалык боюнча эки кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Ош облусунун тургуну Б.М., 1988-жылы туулган. Тергөөнүн иштери аяктап, кылмыш иши сотко өткөрүлдү.