Ош шаарындагы 28-июлдагы окуя боюнча, Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган тургуну М.З. өзүн таасирдүү адам катары тааныштырып, жабырлануучунун уулун кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга жардам берем деп убада берген.
27-марттан 21-майга чейинки мезгилде ал жалган убада менен 552 миң сомду алган. Бирок алган акчасы укук коргоо органдарына өткөрүлгөн эмес, аткарылбай туруп жеке керектөөлөрүнө сарпталган.
Милициянын маалыматына караганда, М.З. буга чейин Россияда каракчылык менен соттолуп, алдамчылык боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
15-августта ал алдамчылык боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.







