Ош шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, долбоордун алкагында аймак 30 өзүнчө жер участогуна бөлүнөт. Бул участоктор фермердик чарбаларга жана ишкерлерге эт-сүт багытындагы мал чарба фермаларын, ошондой эле эт-сүт продукциясын кайра иштетүүчү агроөнөр жай ишканаларын куруу үчүн ижарага берилет.
Мындан тышкары, мэрия «Коңур-Жаз» участогунда көлөмү 20 миң чарчы метр болгон суу сактагычтын курулушун жүргүзүүдө.
Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү


















