10-июль күнү Ош — аэропортундагы жолдун жанына, Кара-Суу районуна караштуу талаада аялдын күйүп кеткен сөөгү табылды. Ал 1987-жылы туулган Ош облусунун тургуну А.Н. экени аныкталды.
Бул окуя боюнча 122-берене «Адам өлтүрүү» боюнча кылмыш иши козголуп, милициянын оперативдик иш-чараларынын жыйынтыгында 17-июлда 1988 жана 1992-жылкы эки эркек кармалды.
Аталган кылмыштын бардык жагдайларын тактоо үчүн учурда тергөө иштери жүрүүдө.















