Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров Ош облусундагы шаардык жана региондук башкармалыктардын кызматкерлери менен жолугушту. Жыйындын негизги максаты — курулуш объектилерине мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана аныкталган эреже бузууларга тез арада чара көрүү.

Марат Акназаров инспекторлорго курулуш иштери бекитилген долбоорлорго, ченемдерге жана техникалык коопсуздук талаптарына толук шайкеш келишин тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды. Ошондой эле нөлдүк цикл аяктаганга чейинки мыйзамдык чектөөлөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Кызматкерлердин тартибин бекемдөө максатында, текшерүү учурунда бодикамераларды үзгүлтүксүз колдонуу жана бардык иш-аракеттерди белгиленген тартипте каттоо милдеттендирилди. Бул жарандар жана курулуш компаниялары менен иштөөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн жасалып жатат.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышына жооптуу кызматкерлер дайындалды.