Ош шаарынын мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, шаарда мамлекеттик тил жана жарнама жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча атайын рейд иш жүргүзүлдү.
Текшерүү иштерине Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү, Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери жана Кызыл-Кыштак айылдык аймак башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Рейддин алкагында мыйзам талаптарына туура келбеген жарнамалык белгилердин ээлерине эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, эскирген белгилерге карата чаралар көрүлдү.
Мындан тышкары, мурда тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилгенине карабастан, мыйзам талаптарын аткара элек жарнамалык конструкциялар демонтаждалды.











