Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти өлкө боюнча курулуш объектилериндеги мыйзам талаптарын жана ченемдердин сакталышын көзөмөлдөөдө. Бул багытта департаменттин директору Марат Акназаров Ош шаарындагы бир катар ири курулуш объектилерин кыдырып чыкты.
Анын алкагында Б. Осмонов көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан “Ош-Сити” IT-шаарчасынын курулуш иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда иштердин бекитилген долбоорго жана ченемдерге туура келиши, уруксат берүүчү документтердин болушу, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышы каралды.
Долбоордун мүнөздөмөсү
“Ош-Сити” комплекси турак жайларды, социалдык жана коммерциялык объекттерди, ошондой эле IT-инфраструктураны камтыйт. Долбоордун масштабдуулугу төмөнкүдөй:
Долбоордун көрсөткүчтөрү
Мамлекеттик көзөмөл иштери өлкө боюнча улантыла берет. Эгерде текшерүү учурунда кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт деп билдиришти.










