Бишкек шаарында Осмонкул көчөсүндө капиталык оңдоо иштери уланууда. Оңдоо Жибек Жолу проспектинен Чүй проспектине чейинки 1,4 километрлик участкага жүргүзүлүп жатат.
Бул иштерди «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аткарууда.
Оңдоодон кийин жолдун проезжая бөлүгү 9 метр туурасында болот жана жаңы тротуарлар курулат.
Мэриянын маалыматы боюнча, долбоордун негизги максаты транспорттук инфраструктураны жакшыртып, жол коопсуздугун жана шаар тургундарынын жашоо ыңгайлуулугун жогорулатуу.
Ошондой эле көчөгө суунун агымын натыйжалуу башкаруу үчүн дренаждык система орнотулат.













