БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Сирия мамлекетине каршы киргизилген бардык санкцияларды алып салууга чакырды.

Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) кошо алганда, бир катар батыш өлкөлөрү буга чейин Сирияга каршы киргизилген чектөөлөрдү жумшартканын жарыялашкан. Ага карабастан, инвесторлор дагы эле этият мамиледе болууда.