Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А. Суюмбаева жана Ибраимова көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө жол оңдоп-түзөө иштери аяктап, бул участок жол кыймылы үчүн ачылды.
Жолдун бул участокунда эски асфальтобетондун кабаты алынган, жолдун негизги катмары бекемделген, зарыл болгондо инженердик тармактар оңдолуп, андан соң жаңы асфальтобетон төшөлдү.
Мындан тышкары, жол инфраструктурасынын элементтери жаңыртылып, жол кыймылын коопсуз жана ыңгайлуу кылуу максатында иштер жүргүзүлдү.
Мэриянын билдиришинче, жол оңдоо иштерине мэрия бекиткен график боюнча улантылууда жана транспорт инфраструктурасын жакшыртууга, жолдордун сапатын жогорулатууга өзгөчө маани берилүүдө.



















