Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев С. Жигитов атындагы жаңы курулган №2 мектепте окуучулар менен жолугушту. Иш-чарага №2 мектептин 11-класстарынын окуучулары, ошондой эле Ж. Боконбаев атындагы №5, С. Алымкулов атындагы №33 жана Г. Айтиев атындагы №37 мектептердин окуучулары катышты.

Жолугушуу учурунда мектеп окуучулары шаар башчысына өзүн кызыктырган суроолорду берип, шаардын өнүгүүсү, жаштар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, билим алуу жана келечектеги пландар тууралуу пикир алышты. Мэр окуучулардын суроолоруна ачык жооп берип, өзүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүштү.

Окуу процессин жана билим берүүнү колдоо максатында Жанарбек Акаев төмөнкү мектептерге интерактивдүү панелдерди тапшырды:

  • С. Жигитов атындагы №2 мектеп
  • Т. Г. Шевченко атындагы №19 мектеп
  • №29 мектеп
  • А. Алиев атындагы №30 мектеп
  • Ч. Тулебердиев атындагы №34 мектеп
  • Ч. Айтматов атындагы №36 мектеп
  • 70-жылдык Октябрь атындагы №39 мектеп