Жогорку Кеңештин 2022-жылы кабыл алган токтому боюнча, электр энергиясы менен гана жылытылган көп кабаттуу үйлөрдүн керектөөсү 700 кВт·сааттан ашса да, тариф көтөрүлбөшү керек эле. Бирок, Энергетика министрлигинин орун басары Салават Садыракунов Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында бул чечим аткарылбай жатканын билдирди.

Азыркы учурда өкмөт тарабынан 2030-жылга чейинки орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилген. Бул саясатка ылайык, керектөө 700 кВт·саатка чейин болсо, тариф 1,64 сомду, ал эми 700 кВт·сааттан ашса, 2,94 сомду түзөт. Садыракуновдун айтымында, бул тарифтик саясатта электр энергиясы менен жылынуучу үйлөр үчүн өзүнчө категория каралган эмес жана бул маселе Жогорку Кеңеш менен макулдашылган эмес.

1,64сом (700 кВт·саатка чейин)
2,94сом (700 кВт·сааттан ашык)

Депутат Улан Сариев ченемдик актылардын иерархиясын эскертип, Жогорку Кеңештин токтому менен өкмөттүн токтомунун ортосундагы карама-каршылыкты белгиледи. Анын айтымында, кайсынысын аткаруу керектиги белгисиз болуп калууда.

Ошондой эле, «Нацэлектросети» компаниясынын буйругу менен мындай үйлөр үчүн кубаттуулуктун чеги 5 кВттан 7 кВтга чейин көтөрүлгөн. Садыракуновдун маалыматы боюнча, мындай үйлөрдүн саны 1000ден ашат, ал эми так санын жазуу жүзүндө берилет.