9-10-ноябрда Минск шаарында Кыргызстан менен Беларусинин региондорунун биринчи форуму болуп өтүүдө. Ош шаарынын мэриясынын делегациясы бул иш-чарага катышып жатат.

Ош мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, форумдун биринчи күнүнүн программасы Гомель шаарында уланды. Ал жерде Гомель шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Константин Исаченко менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Делегация мүчөлөрү Гомельдеги саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин иши менен таанышты. Ошондой эле «Спартак» кондитердик фабрикасына барып, ишкананын өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү жана ишмердүүлүгү боюнча маалымат алышты.

Жолугушуу учурунда Масуда Айдарбекова Гомельдин өнөр жай жана экономикалык потенциалын белгилеп, эки шаардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи. Ал түздөн-түз ишкердик байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин көтөрдү.