Ош облустук Т. Садыков атындагы сүрөт өнөрү музейинде 13-ноябрь күнү саат 15:00дө байыркы түрк жазуусу болгон битикке арналган мастер-класс өтөт. Бул иш-чара тарых жана ата-бабалардын эс тутуму күндөрүн белгилөө максатында уюштурулуп жатат.

Мамлекеттик маданият министрлигинин билдирүүсүнө таянса, иш-чара байыркы жазуу маданияты менен заманбап искусствону айкалыштырууга багытталган.

Мастер-класс учурунда катышуучулар битик жазуусунун тарыхы жана анын өзгөчөлүктөрү менен таанышышат. Андан соң алган билимдерин иш жүзүндө колдонуп, байыркы тамгаларды шоперлерге өз алдынча жазып, уникалдуу буюмдарды жаратышат.