10-ноябрда Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Заманбап илимий жана инновациялык ишмердүүлүктө студенттердин орду жана ролу» деген темада IV эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш-чара Ткеш өлкөлөрдүн Кодрулугунун түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына жана илим күнүнө карата уюштурулган.

Университеттин расмий маалыматына ылайык, конференцияны окуу жайдын илимий бөлүмү, ошондой эле гуманитардык-педагогикалык, инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультеттери биргелешип уюштурушкан.

Конференцияга Кыргызстан, Россия, Түркия, Германия, Кытай жана Өзбекстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн келген магистранттар, студенттер жана профессордук-окутуучулук курам катышты.

Актуалдуу багыттар жана докладдар

Пленардык отурумдардын алкагында илимдин эң заманбап багыттары боюнча маанилүү докладдар окулду. Анын ичинде робототехниканын өнүгүү келечеги, фракталдык анализ, билим берүүдө логикалык жана сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу, модулдук тестирлөө системасын автоматташтыруу, жасалма интеллект жана инклюзивдик билим берүү сыяктуу темалар талкууланды.

Салтанаттуу ачылыш учурунда окуу иштери боюнча проректор, профессор Аида Балтабаева, илим жана инновациялар боюнча проректор, профессор Алмаз Атабеков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, доцент Назира Тилекова, ошондой эле бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, форумга ийгилик каалашты.