Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы жаңы орто мектеп ачылды. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев шаарга иш сапары менен келип, салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Касымалиев президент Садыр Жапаровдун жана өзүнүн атынан шаар тургундарын куттуктады. Ал 10-апрелде президент шаарда 10 орто мектептин курулушуна старт бергенин, алардын бири бүгүн эле пайдаланууга берилип жатканын белгиледи.

Жаңы мектеп тууралуу негизги көрсөткүчтөр

1200окуучуга ылайыкталган
2500эки сменде окуй алат
1 млрдсомго жакын каражат жумшалды

Мектеп 1200 окуучуга ылайыкталып курулган. Курулушка Стабилдештирүү фондунан дээрлик 1 миллиард сом багытталган. Эки сменде иштегенде 2500 окуучу билим ала алат. Мектепте окуу класстары, китепкана, ашкана, ошондой эле футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары бар.

Бул биздин балдардын билимине жана келечегине кам көрүү биз үчүн артыкчылыктуу багыт экенин далилдейт
Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин төрагасы

Ал билим берүүнүн материалдык-техникалык базасы бекемделүү менен бирге мугалимдердин эмгек акысы да көбөйүп жатканын баса белгиледи. 2025-жылы эмгек акыга 58 миллиард сом каралса, 2026-жылдын 9 айында кошумча 41 миллиард сом бөлүнгөн. Мугалимдердин орточо айлыгы 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин өскөн.

STEM системасына өтүү тапшырылды

Сөзүнүн аягында Касымалиев мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, аймакта STEM системасына өтүүнү камсыздоону тапшырды, ошондой эле Ош шаарын билим берүүнүн өнүгүү борборуна айландыруу зарылдыгын белгиледи.