Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыков Ош облусуна иш сапары менен барып, аталган аймактардагы спорттук объекттердин курулуш процесси менен таанышты. Ал Ноокат жана Кызыл-Кыя шаарларында жүрүп жаткан курулуш аянтчаларын карап чыгып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана подряддык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушту.

Кыргыз футбол союзунун маалыматы боюнча, бул жаңы спорттук жайлар 2027-жылы толук кандуу ишке киргизилет деп пландалууда.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында Медербек Сыдыков Асылбек Момуновдун академиясынын өкүлдөрү жана региондук футбол ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул учурда Асылбек Момуновдун академиясы AFC Elite Youth Scheme программасынын алкагында эки жылдыздуу статус алганын белгилеп, союздагылар академиянын жетекчилигин куттукташты.