Кыргыз футбол союзунун вице-президенти Дастанбек Конокбаев жана башкы катчысы Медербек Сыдыков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаары жана Кочкор районундагы стадиондордун курулуш процесси менен таанышты. Инспекция учурунда Нарын облусунун футбол ассоциациясынын өкүлдөрү, шаар мэриялары жана курулуш иштерине жооптуу уюмдар катышты деген маалыматты Кыргыз футбол союзу берди.
Выезддык кеңешмелердин жүрүшүндө курулуштун акыркы этабы, аткарылган иштердин сапаты жана объекттердин ишке берилишке даярдыгы каралды. Ошондой эле курулушту белгиленген мөөнөттө толук бүтүрүү жана стадиондорду расмий ачуу азематтарын уюштуруу маселелери талкууланды.
Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» стадиону
Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» стадионун курулушун 2027-жылдын экинчи чейрегинде бүтүрүп, пайдаланууга берүүнү пландаштырууда. Жаңы объект заманбап талаптарга жооп берген инфраструктура менен камсыздалат.
Кочкор районундагы Мавлутбек Сыдыков атындагы стадион
Кочкор районундагы Мавлутбек Сыдыков атындагы стадиондун да мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Бул спорттук объектте жасалма чөп төшөлгөн футбол талаасы, чуркоо жолдору жана башка заманбап шарттар түзүлөт.




















