OSK Property — 2026 форумунда урбанист Эмиль Насритдинов Өзгөн шаарынын тарыхый шаардык түзүлүшүн сактап калуу жана аны туристтер үчүн кызыктуу жерге айлантуу идеясы менен чыкты.

Адистин айтымында, Өзгөн — Кыргызстандын XVII-XVIII кылымдардагы салттуу шаардык түзүлүшү дагы деле сакталып калган аз гана шаарларынын бири. Шаардын тарыхый өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде салттуу базарын сактап калуу туристтерди тартуунун негизги жолдорунун бири боло алат.

Урбанисттер шаарлардын алдыдагы 20-30 жылдык өнүгүү багыттарын иштеп чыгууда болушат. Бул учурда инфраструктураны жакшыртуу менен бирге, ар бир шаардын уникалдуу өзгөчөлүктөрүн сактап калууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Эмиль Насритдинов шаарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди бир гана жетекчилик деңгээлинде эмес, жергиликтүү тургундардын сунуштарын жана муктаждыктарын эске алуу менен кабыл алуу зарыл деп эсептейт.