Кыргызстанда кош бойлуу аялдарды байкоо системасы жаңы этапка өтөт. Жаңы «Үмүт» программасынын алкагында бардык текшерүүлөр бирдиктүү стандартка келтирилет жана кош бойлуулук учурундагы маалыматтар санариптик базада топтолот.
Улуттук эне менен баланын сактыгын коргоо борборунун директорунун орун басары, профессор Шайирбек Сулайманов «Ала-Тоо Live» программасынын эфирүндө бул боюнча маалымат берди. Анын айтымында, программа 2030-жылга чейин этап-этабы менен ишке ашырылат.
Система пренаталдык скрининг - бул өлкөдө каттоодо турган жана кош бойлуулуктун алгачкы күндөрүнөн баштап мезгил-мезгили менен байкалып туруучу бардык кош бойлуу аялдардын стандарттуу жүргүзүүсүн бирдиктүү кылууга мүмкүндүк берген тарыхый учур.
Программанын негизги максаты - баланын өнүгүүсүндөгү мүмкүн болгон патологияларды жана хромосомалык оорулардын тобокелдиктерин өз убагында аныктоо. Бул система аялдардын кайсы жерде жашабасын карабай, текшерүүгө бирдей мамиле кылууну камсыз кылат.
Учурда программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук документтерди, анын ичинде клиникалык протоколдорду жана буйруктарды иштеп чыгуу иштери башталды. Ошондой эле, кош бойлуулук учурунда аялдардын маалыматтарын сактоо үчүн атайын санариптик маалыматтар базасы түзүлөт.
Буга чейин президент Садыр Жапаров баланын тубаса кемтиктерин жана тукум куу ооруларын алдын ала аныктоого мүмкүндүк берүүчү пренаталдык скринингдин бирдиктүү системасын киргизүү боюнча жарлыкка кол койгонун билдирген.










