«Бишкек Арена» стадионунда тарыхый биринчи футбол матчын өткөрүү мөөнөтү жылдырылды. Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыковдун айтымында, алгачкы оюн 2027-жылдын июнь айында өткөрүлөт.

Башында алгачкы оюн ФИФАнын эл аралык терезесине ылайык март айында өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бирок аба ырайынын шарттарына байланыштуу футбол талаасын ошол мөөнөткө чейин даярдоо мүмкүн эмес экендиги аныкталды.

Аба ырайынын шарттарына байланыштуу биз аренанын оюн талаасын ФИФАнын март айындагы эл аралык даталарына чейин даярдай албайбыз. Ошондуктан стадиондогу тарыхый биринчи матчыбызды 2027-жылдын июнь айында өткөрүүнү пландап жатабыз.
Медербек Сыдыков, Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы

Ошондой эле Азия футбол конфедерациясы (АФК) тарабынан Азия кубогунун мөөнөтүнүн жылдырылышы Кыргызстандын улуттук сборкасы үчүн кошумча мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул чечимди Кыргызстандын улуттук сборкасынын башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов колдоп берди.

Ар бир тренердик штаб жана команда үчүн убакыт — эң маанилүү ресурстардын бири. Бул бизге ушундай маанилүү турнирге дагы да кылдат даярданууга мүмкүндүк берет.
Урмат Абдукаимов, Кыргызстандын улуттук сборкасынын башкы машыктыруучусу

Азия кубогунун жаңы мөөнөттөрү

  1. 2027-жыл, 7-январь – 5-февраль

    Азия кубогунун мурунку пландалган мөөнөтү

  2. 2027-жыл, 23-декабрь – 2028-жыл, 21-январь

    Азия кубогунун жаңы өткөрүлүүчү мөөнөтү