Кыргызгидромет адистери 23-ноябрдан 29-ноябрга чейинки мезгилге, ошондой эле 30-ноябр жана 1-декабрга карата болжолдуу аба ырайын берди. Аймактардын көпчүлүгүндө аба ырайы ар түрдүү болот.

Чүй облусу жана Бишкек шаары

Чүй облусунда 23 жана 24-ноябр түндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 24-ноябр күндүз жана 25-ноябр түндүгүндө аймактын көпчүлүк бөлүгүндө жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 27-ноябр кээ бир жерлерде жаан, тоолордо кар жаашы ыктымал. 28-ноябр түндүгүндө аба ырайы туруктуу, ал эми 28-ноябр күндүз жана 29-ноябр кээ бир жерлерде жаан-кар күтүлөт. Түндүк-батыш тараптан 4-9 м/с солот, 24-ноябр күндүз кээ бир жерлерде 15-20 м/с чейин күчтөнүшү мүмкүн.

Бишкек шаарында 24-ноябр күндүз жана 25-ноябр түндүгүндө жаан жаашы ыктымал. 27-ноябр жаан болушу мүмкүн, ал эми 29-ноябр түндүгүндө жана күндүзү да жаан күтүлөт.

Талас, Ош жана Жалал-Абад облустары

Талас облусунда 24-ноябр күндүз жаан, тоолордо кар жаашы мүмкүн. 27-ноябрдан 29-ноябрга чейин кээ бир жерлерде жаан-кар күтүлөт. Чүй облусу сыяктуу эле, Таласта да 24-ноябр күндүз шамал 15-20 м/с чейин күчтөнүшү ыктымал.

Ош облусунда 23-ноябрдан 28-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт, бирок 29-ноябр жаан жаашы мүмкүн. Ош шаарында болсо бүткүл мезгил ичинде жаан-чачынсыз аба ырайы күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда 23-ноябр жаан-чачынсыз болот. 24-ноябр түндүгүндө тоолуу аймактарда кар жаашы, ал эми күндүз аймактын көпчүлүк бөлүгүндө жаан жаашы ыктымал.