Ат-Башы районунун тургуну Алыбек Мааданбеков ветеринария тармагына 41 жылдык эмгек жолун арнаган. Бул убакыт ичинде ал тармактагы олуттуу өзгөрүүлөрдү, ветеринардык көзөмөлдүн жаңы ыкмаларын жана жаныбарлардын инфекциялык оорулары менен күрөшүүдөгү ийгиликтерди өз көзү менен көргөн.}}{"type":"paragraph","data":{"text":"1961-жылы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн адис 1985-жылы айыл чарба институтунун ветеринария факультетин аяктаган. Ошол жылдан тарта ал өзүнүн эмгек ишмердүүлүгүн ветеринария тармагына багыттаган."}},{
Өзүнүн ишмердүүлүгүндө ал башкы ветеринардык дарыгер, жетекчинин орун басары жана мекеменин башчысы сыяктуу кызматтарды ээлеген. Учурда ал ветеринардык кызматтын инспектору-жетекчиси болуп иштеп, Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу төрт айылдагы ветеринардык ишмердүүлүктү көзөмөлдөп турат.
Жаңы инновациялар жана тармактын өзгөрүшү
Алыбек Мааданбековдун айтымында, 41 жыл ичинде ветеринария тармагы түп тамырынан өзгөрдү. Өзгөчө жаныбарларды идентификациялоо, чиптөө жана ветеринардык көзөмөлдүн жаңы ыкмалары киргизилди, ошондой эле кызматтын иштөө тартиби жаңыланды.
Мен иштеп баштаганда идентификациялоо жана чиптөө сыяктуу түшүнүктөр жок болчу. Советтер Союзунун учурунда чек аралар жабык болчу, ал эми 15 союздук республика бири-бири менен тыгыз байланышта иштечүүнү. Союз тараптан ыдырагандан кийин чек аралар ачылып, мал-жандыктын жана мал чарба продукциясынын жүрүшү көбөйдү. Муну менен бирге ветеринардык кызматтын мааниси да өстү.
Адис белгилегендей, мурунку мезгилде менен салыштырмалуу азыркы учурда тармактагы тапшырмалардын көлөмү жана жоопкерчилик бир топ жогорулаган.










