BepiColombo аппараты сегиз жылдык учуштан кийин Меркурийдин орбитасына ийгиликтүү чыкты. Бул тууралуу Европа Космостук агенттиги (ESA) билдирди. Аппарат 2018-жылы Француз Гвианасындагы космодромдон учурулган болчу.
Долбоордун негизги максаты — Күн системасындагы эң кичинекей жана Күнгө эң жакын планета болгон Меркурийди терең изилдөө. Бул планетанын бетинде күндүзгү температура 430 градуска чейин жетсе, түнкүсүн минус 180 градуска чейин түшөт.
ESAнын маалыматы боюнча, аппарат жер бетине сигналды жөнөттү жана адистер анын планетанын орбитасына ийгиликтүү чыкканын тастыкташты.
- 2018-жыл
Француз Гвианасынан учурулган
- 2026-жыл, декабрь
Европалык жана япондук изилдөөчү модулдардын бөлүнүшү пландалууда
- 2027-жыл, апрель
Илимий программанын башталышы
Окумуштуулар бул миссиянын жыйынтыктары Меркурийдин түзүлүшү жана Күн системасынын калыптанышы жөнүндө жаңы маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет деп күтүшүүдө.


