Нарын облусунда Сары-Булак – Сон-Күл жолунун ремонт иштери пландалган графикке ылайык уланууда. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2026-жылга карата бекитилген титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун беш чакырымы асфальтобетон менен жабылат.
Учурда 14-Нарын жол тейлөө ишканасынын адистери асфальт төшөп жаткан учуру жана жолдун инженердик инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн суу өткөрүү түтүктөрүнүн орнотулушу жүрүп жатат.
Жол оңдолгондон кийин транспорттук-жашоодогу шарттар жакшыртылып, унаа каттамдары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө боюнча унаа жолдорун оңдоо жана өнүктүрүү иштерин бекитилген планга ылайык улантууда.

