Баткен районунда жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлдөрү жол боюндагы мыйзамсыз жана уруксатысыз соодалоо фактысын аныкташты.
Мындай соодалоо транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратып, жол коопсуздугуна терс таасир тийгизээри белгиленди.
Рейд учурунда айрым жарандарга мыйзам талаптары түшүнүктүү түрдө жеткирилди, айрым мыйзам бузгандарга мыйзам чегинде айып каражаттары колдонулду.
Аймактык башкармалыктын өкүлдөрү келечекте соода жүргүзүүдө мыйзамга ылайык атайын белгиленген жайларды колдонууга чакырышты.

