25-июлдан тарта Кыргызстандын аймагына UIM F1H2O чемпионатынын делегациялары келе баштады. Алардын ичинен H2O уюмунун президенти жана негиздөөчүсү Николо ди Сан Жермано менен UIMдин президенти Раффаэле Кьюлли бар.
Кыргызстанга Stroymoy, Abu Dhabi, Sharjah, Atlantic, Maverick, Victory, CTIC сыяктуу команда өкүлдөрү жана эл аралык медиа топтору, куткаруучулар жана расмий коноктор келди.
«Манас» эл аралык аэропортундагачкы катышуучуларды Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрү тосуп алышты.
Азыркы учурда спортчулар жана техникалык адистер Ысык-Көлдө өтүүчү мелдешке активдүү даярдык көрүп жатышат.

