Чаек айыл аймагынын ар бир айылынан V Элдик курултайга жалпы 80 делегат шайланган. Бүгүнкү күндө алардын 49у чогулушка катышып, алардын ичинен төртөө талапкерлигин көрсөткөн: Эркебүбү Акматжанова, Элмира Мамбетова, Темирбек Бакаев жана Гүлнара Калмаматова.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы
Элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында эң көп добуш алган эки талапкер — Темирбек Бакаев жана Элмира Мамбетова V Элдик курултайга делегат болуп шайланды.




















