Бишкекте тарыхый кварталды бузуу боюнча сөз болуп жатат — ал жерде көп кабаттуу турак жайлар, мейманкана жана соода комплекси курулушу мүмкүн. Бул тууралуу шаардыктар социалдык тармактарда тынчсыздануусун билдирип жатышат.
Маселе борбордогу, Жогорку Кеңеш менен ЦУМдун жанындагы, азыркы учурда эң кымбат деп эсептелген жер тилкесине тиешелүү. Бул жерде «Эркин Тоо» басмаканасы, Экономика жана коммерция министрлиги, Сүрөтчүлөр үйү жана «Соң-Көл» рестораны жайгашкан.
Мэриянын аракеттери жана коомчулуктун каршылыгы
Мурдараак мэрия президенттин иш башкармалыгына Сүрөтчүлөр үйүн өткөрүп берүүгө аракет кылган, бирок коомчулук нааразы болуп, активисттер сотко кайрылышкан. Жакында мэрия шаардык кеңешке кайрадан кайрылып, сүрөтчүлөр жайгашкан имаратты мамлекет башчысынын администрациясына өткөрүп берүүнү сунуштаганы белгилүү болду.
Басмакана менен Экономика министрлигинин имараттарын, ошондой эле ресторанды бузуу тууралуу маалымат коомчулукта көптөн бери талкууланып келет. Бул имараттар 1960-жылдардан бери шаардыктарга жана конокторго тааныш. Бийликтин жаңы пландарына ылайык, алардын ордуна турак жай жана соода комплекстери курулушу күтүлүүдө.
Президенттин жарлыгы коргой алабы?
Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын октябрында архитектуралык мурастарды демонтаждоого, менчиктештирүүгө жана жеке колго өткөрүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон. Бирок бул жарлык тарыхый жана маданий мурастарды коргой алабы, же алар «Нарын» рестораны, Панфилов дивизиясынын музейи, «Ысык-Көл» мейманканасы сыяктуу эле жок болуп кетеби, белгисиз.




















