Корумду – Балбай баатыр жолунун 104-кмден 184,5-кмге чейинки бөлүгүндө оңдоо иштеринин алкагында 70 чакырымдан ашуун жаңы асфальт катмары төшөлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Жолдун 79,2 чакырымына төмөнкү катмар, ал эми 71,6 чакырымына үстүңкү асфальтобетон катмары ийгиликтүү төшөлдү. Мындан тышкары, аймакта 14 көпүрө курулуп, эки жер алдындагы жөө жүргүнчүлөрдүн өтүү жолу ишке берилди.

Жолго төгүлгөн материалдар жана курулуштар

79,2 кмТөмөнкү асфальт катмары
71,6 кмҮстүңкү асфальтобетон катмары
14Көпүрөлөр
2Жөө жүргүнчүлөрдүн жер алдындагы өткөөлдүк жолдору