Маалым болгондой, Ат-Башы районундагы айылдардын биринде 24-июль күнү балдар талаадан же дарыя жээгинен белгисиз буюмду таап келип, үйгө алып киришкен. Ал буюм кийинчерээк жарылып, эркек киши жабыркаган.

Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын Nomad TV телеканалына билдиргенине караганда, окуя каттоого алынып, зарыл экспертизалар дайындалды. Учурда иликтөө иштери улантылып, анын жыйынтыгында кошумча маалымат берилери айтылды.

Күбөлөрдүн айтымында, жарылган буюм гранатага окшош болгон, бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.