Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы Кыргыз Республикасынын жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып салганын маалымдады.

Айыптын салынышына Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок накталай чет элдик валютаны алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү себеп болгон.