Ош облусунун Алай районунда 1987-жылы туулган эркек кишинин өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
2026-жылдын 17-июнунда Алай райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундан арыз түшкөн. Анда 1987-жылы туулган К.Р. аттуу жаран интернет аркылуу 2008-жылы туулган С.Н. аттуу жаранга түшүнүксүз мазмундагы билдирүүлөрдү жөнөткөнү айтылган.
Бул факт катталып, сотко чейинки текшерүү башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп болжолдонгон жарандар тергөө кызматына жеткирилип, сурак беришкен.
Чогултулган материалдарда К.Р.нын аракеттеринен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинде («Жыныстык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо») каралган кылмыштын белгилери аныкталган.
Бирок ошол эле күнү, 2026-жылдын 17-июнунда, К.Р.нын сөөгү Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычында табылган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.
Кийинчерээк каза болгон кишинин жубайы, 1989-жылы туулган М.А., арыз менен кайрылган. Ал А.К. жана Д.К. аттуу жарандар күйөөсүнө күч колдонуп, денесине жаракат келтиришкенин, натыйжада ал каза болгонун билдирген.
Окуянын бардык жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо, ошондой эле эркек кишинин өлүмүнүн так себебин тактоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Андан тышкары, прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында участковый милиция кызматкерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгон.












