2026-жылдын 17-июлунда саат 03:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына бычактан алган жаракаттан улам бир эркек кишинин көз жумганы тууралуу кабар түшкөн.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 1997-жылы туулган М.Ф. аттуу жаран менен каза болгон киши ортосунда келип чыккан түшүнбөстүктүн негизинде айыпталуучу жабырлануучу адамга бычак саптап, андан соң окуя болгон жерден ак түстөгү жеңил машине менен качып кеткен.

«Коопсуз мамлекет» долбоору алкагында Ош шаарында орнотулган видео байкоо камералары аркылуу шектүүнүн дареги аныкталып, болжол менен саат 04:10да милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда кылмышка тиешелүү бардык соттук-эксперттик иликтөөлөр дайындалып, тергөө иштери активдүү жүрүп жатат.